Редакциянын тандоосу

Өмүрбек Бабанов: “Урматтуу элим, мен кайра саясаттан кеттим!”

Кыргызстан шайлоодон кийин укуктук талаадан чыгып кетти.  Бул аралыкта бир канча мамлекеттик органдар күч менен басып алууга туш болду. Алгач эле “Чоӊ Казат” партиясынын лидери Сыймык Жапыкеев менен “Бир Болчу” Шыкмаматов Башкы прокуратураны басышкан. Андан соӊ Өмүрбек Суваналиев УКМКны, Курсан Асанов ИИМди күч менен басып, өздөрүн жетекчибиз деп жарыялашкан.

Мындай кырдаалдан пайдаланып, мурда 2 жолу саясаттан кетип, кайра келген Өмүрбек Бабанов үчүнчү жолу саясатка келгенин жарыялап, премьер-министр болууну көздөп жатат.  

Өмүрбек Бабановдун учурда 3 млрд сомдон ашык төлөнбөгөн салыгы боюнча, мындан тышкары жалпы 10 факты менен кылмыш иши козголгон.

Бүгүн, түрмөдөн качып чыккан Атамбаев, Сапар Исаков, Албек Ибаримов, Жантөрө Сатыбалдиев, Зилалиев ж.б менен биригип алып, кайрадан куралдуу төӊкөрүш кылууга элди чогултуп, 5 миӊ сомдон таратууда. Эл булардын чыныгы жүзүн, максаттарын билип калды. Акырындап укуктук талаага кайтып, мыйзамсыз басып алган ишканалар калыбына келтирилип жатат. Өмүрбек Бабанов 5000 сом менен адам сатып алып, согуш чыгарууну көздөөдө.

Бүгүн, эл стабилдүүлүктүн тарабында. Кылмышкерлердин азгырыгына алынбай, тынчтыкты сакташ керек. Ал эми Бабанов, кайрадан эле кол булгалап, “туугандар мен саясаттан кеттим”-деп куйрук түйөт!

Похожие новости

«Пророческие предсказания» Иман-Кадра оказались не более, чем его личной фантазией

Админ

Что скажут партии о двуличии Алмамбета Шыкмаматова?

Админ

Преданность хороша лишь для собак. С кого берут пример Карамушкина и Кодуранова?

Админ

Комментарии калтыруу