Без рубрики

АКШ менен батышчыл күчтөр Ала-Тоо аянтында башаламандыктын биринчи репетициясын баштадыбы?

Кыргызстанды Россиянын таасиринен кызганган АКШ, батышчыл күчтөр ушул парламенттик шайлоо үчүн атайын “Реформа” партиясын түзүп, бир топ аракет кылды. Өлкө тагдырына таасирдүү болгон мыйзам чыгаруу бийлигине болгон ат салышта Вашингтон менен батышчыл күчтөр “Реформага” абдан эле үмүт артышты. Бирок Кыргызстандагы грантжегич НПОлор карып-арышканбы айтор, күч болуп бере алышкан жок. Активдүү боло алышпай койду.
Муну байкаган батышчыл күчтөр эми башка тактикага же “план Бга” өтүп жатышат. Бүгүн Ала-Тоо аянтында болуп жаткан митинг алардын алдыдагы чоң акцияларына болгон кичинекей эле репитициясы. Алар акырын сырттан байкап жатышат. Кайсы партия, же күчтөр, же лидерлер кандай аракет кыларына саресеп салып, кимисинин дымагы, амбициясы күчтүү экенине анализ жүргүзүшүүдө.
Алар бүгүнкү митингдеги чоңураак сүйлөгөндөрдү, алардын кечеги-бүгүнкү өмүр жолун тактап алып анан ошого жараша алар менен кызматташып, башаламандык жаратууга грант бөлүшөт. Грант маселесин уккан бүгүнкү митингге катышып жаткан партия өкүлдөрү, сыймык-мыймыктар жана башкалар ошол үчүн бири-биринен катуураак кыйкырганга бардык күчүн, үнүн жумшап жатышат. Тамактары менен кошо башка жерлери да айрылбаса болду.
Ал эми батышчыл күчтөргө эмнеси айрылса баары бир эмеспи. Алар Беларустагы кырдаалдай абалды Кыргызстанга көчүрө албай убара. Ошол сценарийди алып келип, ишке ашырууга башкы ролду аткарууга персонаж таппай отурган чагы. Кеп ошондой…

Похожие новости

Жасалма баатыр Жапаров тууралуу ачуу чындык

Админ

Дача СУга кулаган “кандуу жүктүн” ээси Атамбаев болуп чыгабы?

Админ

Равшан сактыгынан эмес, суктугунан камалды

Админ

Комментарии калтыруу