Редакциянын тандоосу

«Реформа» — видеосу тарап кеткен гей балдарын колдоп, митингге чыгышат

Мындай маалыматты «Реформа» партиясынын өкүлү Рита Карасартова жана Бишкектеги ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргогон «Лабрис» уюмунун мүчөсү Дуайт Джонс билдирди.

«Кыргызстан демократиялык өлкө катары кошуна мамлекеттерге үлгү болуп келген. Бирок, жапайы түшүнүктөн арыла элек жарандар башкаларды басынтып койгон учурлар көп. Мындай кысымдарга азчылыкты түзгөн ЛГБТ өкүлдөрү дуушар болушат. Өнүккөн өлкөлөрдө бир жыныстуулардын мамиле куруусу, жыныстык катынашка баруусуна эч ким тоскоолдук кылып, ал үчүн басмырлабайт. Тилекке каршы, Кыргызстанда гей-лесбиянкалардын укуктары дайым тепселет. «Реформа» партиясынын өкүлдөрүнүн видеосу алардын уруксаты жок интернетке тарап кетип, ал жигиттер учурда коомчулукка чыгып эркин баса албай калышты. Демократиялык өлкөдө жаран ким менен мамиле курат, ага эч ким кийлигишпөөсү керек»-дейт «Лабрис» уюмунун өкүлү.

Дуайт Джонс адам укуктары жана азчылыкты түзгөн ЛГБТ өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарын «Реформа» партиясы гана коргой турганын кошумчалаган.

«Азыр шайлоо алдында турабыз, биз жапайы түшүнүк жана эски көз караш менен жашаганды токтотушубуз керек. Мындай жаңычыл көз карашты тутунган партиялар дагы аз, жалгыз «Реформа» партиясы адам укуктарын коргоону максат кылат»-дейт ал.

«Реформа» партиясынын өкүлү Рита Карасартова 5-октябрда видеосу тарап кеткен ЛГБТ өкүлдөрүнүн укугун коргоп, жөө жүрүшкө чыга турганын билдирди.

«Чынында бул аша чапкан окуя, адамдардын жеке мамилесине кийлигишип, төшөгүн аңдып, аны тартып алып чыгарган — бул караңгылык. Гей болобу, лесбиянка болобу алар өз тандоосу үчүн куугунтукка алынбашы керек. Биз, «Реформа» партиясы моралдык колдоо кылып 5-октябрда митингге чыгабыз. Тилектеш жарандарды катарыбызга чакырабыз»-дейт Карасартова.

Белгилей кетсек, 28-сентябрда «Реформа» партиясынын мүчөлөрү Тилек Шабданов менен Павел Залевскийдин интимдик байланышы учурундагы видеосу коомчулукка чыгып кеткен.

Похожие новости

АШАчыларда ыркы кетти: Мусакеевге караганда, Алга Кылычев камалса болмок…  

Админ

«Чон казат» и «Реформа» оказывают давление на суды и ЦИК

Админ

Санкт-Петербургда зордукталган өзбекстандык эне-кыздын иши каралууда

Админ

Комментарии калтыруу