Редакциянын тандоосу

Кыйын кезеӊде дүрбөлөӊ салгысы келген Максат Сабировдун артында Бакыт Сыдыков турабы?

Бүгүн, Жогорку Кеӊештин депутаты Максат Сабиров Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун тургундарына кайрылуусу тарады. Аудио аркылуу тараган кайрылууда мындай деп айтылат.

“Урматтуу ак-суулуктар, биримдик менен бул бийликке каршы көтөрүлөлү, каршы чыгалы. Азыр каршы чыкпасак болбойт”-деп, андан ары бир нече радикал билдирүүлөрдү кылган. Депутат мындай чакырыгы менен Кыргызстандын элин баш аламандыкка, бийликти күч менен басып алууга багыттаган.

Максат Сабиров, фракциялашы Бакыт Үсөновдун жакын адамы. Анын жардамы менен аэропортто иштеп жүрүп бутуна туруп, байыган. Тактап айтканда Бакыт Үсөновдун тилинен чыкпайт. Мындай кыйын кырдаалда элди башаламандыкка үндөгөн демилгени балким Бакыт Үсөновдун ишаараты менен кылып жүргөн болбосун?

Кандай болгон күндө дагы азыр элди башаламандыкка чакырып, бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу чекилик иш, кылмыш. Мындай бузукуларды тезинен барып камап салуу керек. Коомдун тынчын алган, элдин ынтымагын бузгандар – коронавирустан дагы коркунучтуу. Тийешелүү органдар депутатты суракка алып, чара көрөт деп ишенели.

Похожие новости

Саламаттык сактоо министрлигине «Алтынкен» ЖЧКсынан гуманитардык жүк тапшырылды

Админ

Преданность хороша лишь для собак. С кого берут пример Карамушкина и Кодуранова?

Админ

Когда доноры погрязли в коррупции…

Админ

Комментарии калтыруу