Редакциянын тандоосу

«Ата Мекен» партиясына чогулуп алган куру популисттер

Жакында сөз эркиндиги боюнча жаштар өткөргөн митингге сакалын сүйрөп алып барып, адатынча күпүлдөп  сүйлөп баштаганда, жаштар ал жерден кетүүсүн талап кылып, микрофонун жулуп алышты. Себеби, жаштар анын оозу эле сүйлөрүн, иш жүзүнө келгенде өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлорун жакшы билишет. Азыркы Конституцияны жазган өзү. Эми митингди пайдаланганы эле келди. “Текебаев- популист!”-деп ачык эле айтышты.

Анын популисттигин далилдеген бир окуяны мисал кылсак:  Ушул жылдын апрель айында  «Жалбырак» телеканалына маек берип жатып, абакта жаткан маалда телефонун каякка  катып колдонгонун шардана кылды. Бул менден өткөн акылдуу киши жок!-деген куру популистиги. Болбосо андай метод бар экени илгертен  белгилүү.  Текебаев бул менен ЖАМК кызматкерлерин дагы, абакта камалгандарды «подстава» кылды.  ЖАМК жетекчилиги баш коргоо чарасы өзгөрүлүп кайрадан камалып калса, жазасын алат-деп «тиштенген» боюнча калышты.

Эми  ал башында турган партиянын адамдарынан ойдо популист экенинен дагы бир мисал. Булар «Эл деми» деп жаӊы партияны түзө коюп биринчилерден болуп бет-ачар кылган өзүлөрү. БШК биринчилерден болуп катталган өзүлөрү. Анан элди келесоо ойлоп, тиги  Жанар Акаевдин Текебаевчисинен популисттенип,  «Азыр кайдагы шайлоо! Жылдыруу керек! Акчаны шайлоого эмес, элибизди дарылоого жумшайлы»-деп айтканын угуп бетинин калынына таӊ бересин.  Бул билдирүүсүн акылы барлар публикага ойноп атканын түшүнүп эле турушат.

Жаш туруп эки жүздүү. Эки жүздүүлүгүн Р.Матраимовдун тоюна барганда эле көрсөтүп койгон. Ошол жерге барып койгондору үчүн сынга кабылганда айрымдары «бардык, анын эмнеси уят?» деп ачык айтышса, айрымдары жок дегенде унчукпай кутулушту. Жанар элге өзүнчө актанып, Р. Матраимовго өзүнчө актанып өзүнүн ким экенин көрсөтүп койгон.  Атамбаевдин командасында жүрүп, Текебаевге сөз ташып жүргөнүн билгендер илгери эле бетине түкүрүшкөн…

 Окшошконго мушташкан болуп жаӊы түзүшкөн партияга мүчөлүккоө жалаӊ поупулисттер кирди. Ошол эле Рыскелди Момбеков депутат кезинде трибудан чыгып алып жамактатып кыйкырып койгону болбосо, бир элдин жашоо-шартын жеӊилдеткен  бир мыйзам жазганын же элге ылайыктап бир мыйзамга ондоп-түзөө киргизгенин уккан жокпуз. Айрым депутаттар мыйзам жазбаса жок дегенде күчүн акчасынын чыгарып, айылына, районуна жардам кылат экен. Таластыктар мунун тилинен башка берекеси жок дешет. Өзү туулган Таласта аброю жок.

Катарына жаӊы кошулган Тилек Токтагазиев дегени окшош буларга. Бир күн мамлекеттик кызматта иштебей туруп, Айыл-чарба министри болмокмун-деп өзүнүн талапкерлигин өзү коюп чыккан. Өкмөт баланын демин суутпай, зам бол десе сам болом дегенде эл иренжип «торпок» аткан конгон.

Булар учурда популисттенип элдин кыжырына тийип, ооздору менен орок орбой, элге жардам берише турган жерде болчу. Пандемия учурунда Текебаев элге азык-түлүктөн же медициналык каражаттан жардам берди дегенди окуган жокпуз. Учурда күндүзгү стационарларга жардам берип карапайым жигит-кыздар жүрүшөт, Текебаев жок дегенде дарыгарлердин көӊүлүн көтөрүп койгонго жараган жок.

Похожие новости

Мягок и ковок, кто хитер и ловок

Админ

Кыйын кезеӊде дүрбөлөӊ салгысы келген Максат Сабировдун артында Бакыт Сыдыков турабы?

Админ

Жамандан жаан, жакшыдан бөөн деген ушул тура…

Админ

Комментарии калтыруу