Жанылыктар

Пиар-сериалдын каармандары

“Адилеттүү иштериңерди адамдарга көрүнүш үчүн кылуудан сак болгула. Болбосо, асмандагы Алла-Тааладан сыйлык албайсыңар. Ошондуктан кайыр берип жатканыңда, элге жарыялаш үчүн, сурнай тартпа. Эки жүздүү адамдар гана ошондой кылышат. Силерге чындыкты айтып коеюн, алар өз сыйлыгын алышты. Ал эми сен кайыр берип жатканыңда, оң колуң сол колуңдун эмне кылып жатканын билбесин. Кайырды жашыруун бер. Жашыруун кылынганын көргөн Алла-Таала сага тиешелүүнү ачык эле берет”, — деп ыйык делген бардык китептерде жазылып жүрөт.
Көпчүлүк пиар кылбай эле, жөн эле жардамдарын түнү-кунү көрсөтүп жатышат. Ал эми кээ бир аткаминерлер, тыңчыкмалар, өзгөчө шоумен жана артисттер азыркы кылган иштерин тынбай пиарлап, эл алдында упай топтоо менен алек.
Ай, макулуктар! Упайды эл алдында эмес, Жараткандын алдында топтогула, деп айткан киши жок.
Пиар деген бир оору болду го баарыбызга. Кылып жаткан иштериңер мактануу, бийликти капталдан каап өтүү, анан элге жакшы көрүнүү болсо — кылган ишиңер бир тыйынчалык!
Өзгөчө Ассоль Молдокматова деген шоу айымыбыз жасаган иштерин пиар-сериал кылып жиберди.
Айланып кетейиндер, кыла бергиле колуңардан келгенин, мамлекетке баарылап азыркы оор заманда жардам бербегенде, анан качан беребиз?
Бирок ушуну бийликти кошо ала жатып күнөөлөп, анан мен кыйынмын, бийликтегилер жалдырама деген ойду таңуулабай эле кыла бергилечи?
Силерди эч ким кой дебейт, жардамга азыр мамлекет, эл муктаж.
Бирок жасаган иштериңерди укмуштантып пиарлап, анан кайра өкмөткө асылып кылганыңар чын жүрөктөн, таза ниет менен жасап жатканыңарга окшобой калып атат, күмөн жаратып.
Ары жакта алыска кетчү бир пландар бардай.
Биз баарыбыз бир мамлекетте жашайбыз, космостон учуп келип, жардам берип, анан учуп кеткен жерибиз жок да?
Ошондуктан, жардам берсеңер, милдет кылбай, аны жарнама кылып, Фейсбуктан лайк топтобой, анан мамлекетти кошо ала жатпай эле жардам берсеңер, Жараткан баарын көрүп турат, ар биринин ниетине, ишине карап өз баасын тигил дүйнөдөн берет.

Похожие новости

Алга Кылычев: Мирбек Айтикеев устроил беспорядки специально, ради получения убежища в Европе

Админ

Надира Нарматова, коомдук ишмер: “Матраимовго болгон Атамбаевдин ичкүйдүлүгү, ичитардыгы, өч алуучулугу бар экени жалпы коомчулукка билинип калды”

Админ

Феликс Кулов: “Атамбаев элдин канын төгүп болсо дагы бийликти күч менен басып алам деген”

Админ

Комментарии калтыруу