Жанылыктар

Камчыбек Ташиев оорудан саясат жасагандардын катарын толуктады

Өткөн аптада Камчыбек Ташиев жубайы менен оору жуктуруп алып, абдан оор абалда ооруканада жатышат деген кабар тараган эле. Баарыбыз кабатыр болуп, переживать этип калганбыз, өмүрүн тилеп.
Мына эми бир жума өтүп-өтпөй, айыга калып, үйүмө чыгып келдим, деп жарыялап, Фейсбука жазууга шашылыптыр.
“Мындан кийинки өмүрүм элдики, баардыгын элге деп өтөмүн, бүгүнтөн баштап жардам берүүчүлөрдүн чоң армиясынын катардагы солдатымын! Жаша Кыргызстаным, дем ал, дем ал боордошум, ынтымакта жеңебиз!»,- деп жалындуу сөздөрүн жазыптыр Ташиев.
Ооруган адам пиарга шашылчу эмес эле, жаны кыйналганда, Ташиев ж.б. пиарщиктердики кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы дегендей эле болуп атат.
Эми эмне дейбиз, эгерде чындап эле ооруган болсо, анда дени сак болсун, ашыкча пиардан арылсын деп тилек кылабыз…

Похожие новости

Атамбаев психикалык саламаттыгын текшертүүдөн качты

Админ

Министр Улукбек Кочкоровду Баткенге губернатор кылып жиберүү сунушу айтылды  

Админ

Эки баланы сабаган бир туугандардын “крышасы” кайсы генерал?

Админ

Комментарии калтыруу