Редакциянын тандоосу

Реакция кыймылынын өкүлү Мирбек Маматкасым Текебаев, Сариев, Момбековду к..т деген сүрөт жүктөп, пикир жазды

«Үмүт2020» жана «Реакция» кыймылынын Оштогу лидерлеринин бири Мирбек Маматкасым саясатчылар Ө.Текебаев, Т.Сариев жана Р.Момбековдун сүрөттөрүн карикатура кылып, аларды адамдын бешинчи чекитине салыштырды.

«Бул сүрөттүн тексти копоол жазылганы менен, маңызы туура.
Элге анча-мынча болсо да аброю бар бул кишилер минтип элге аралаша албай калгандан кийин, берки чыныгы «беш камандарды» кандай тагдыр күтүп жатканын элестете бергиле.
Биз — кыргыздар, эскилерден тажадык. 6-чакырылыштын бардык партиялары жана бардык 120 депутаты, эми силер башка иш менен тиричилик кылгыла. Араңарда татыктуу 10-15 адам бар, бирок алар деле эми эс алсын. Азыркы өкмөттөгү жана аймактардагы бардык жетекчилер, силер да эми дүкөн ачасыңарбы, эчки багасыңарбы, кокон гилас эгесиңерби — өзүңөр билгиле, бирок мамлекеттик кызматты эми унуткула. Президент мөөнөтүнүн аягына чейин отурсун, бирок жаштарга тоскоол болбосун жана бүгүнкү «Эч кайсы партияга колдоо көрсөтпөйм» деген сөзүнө турсун.
Парламентке жана өкмөткө жаңы саясатчылар келип, мамлекеттик башкаруучу аппаратты 4 эсе кыскартсын, экономиканы өстүрсүн, адилеттүүлүктү орнотсун.
Эскилер эгер бул сөзүмө тил албасаңар, анда ушул сүрөттөгү каармандардын ордун ээлейт экениңер бышык. Андан да куник абалда болосуңар. АТВИЧАЙУ»-дейт активист Мирбек Маматкасым.

Похожие новости

О чем умолял Жээнбекова Атамбаев?

Админ

Музейдеги жылаӊач кыздар жана ага катышкан экс-президент Роза Отунбаева

Админ

Может Никитенко и Джакупова иже с ними Оторбаева поделятся на аппараты ИВЛ и лекарства из своих полученных с Запада грантов?

Админ

Комментарии калтыруу