Редакциянын тандоосу

Активист Улан Үсөйүндү айылдаштары кууп чыгышты

2020-жылдын 25-июнунда Нарын районунун Таш-Башат айылынын тургуну Өскөнбаев Улан Үсөйүнович (Улан Үсөйүн катары белгилүү) жаштар арасында өз досторунан 29-июнда Бишкек шаарында өткөрүү мерчемделген, «Жарандык марш: Реакция 3.0. Сөз эркиндиги үчүн тынчтык акция» аттуу митингге катышууну өтүнгөн.

Бирок У. Үсөйүндүн сунушуна достору макул болушпастан, анын дарегине уят сөздөр менен сын-пикирлерин айтышып, ал ЛГБТны (бир жыныстуу нике) колдойт жана жайылтат деп айыпташып, мындан ары аларга бул өӊдүү сунуштар менен кайрылбоосун айтышкан.

Аталган айылдын жаштары ал ЛГБТны жайылтат, үгүттөйт, жаштарды бузукулукка үндөйт деп эсептешип, У. Үсөйүндүн ишмердүүлүгүнө терс мамиле кылышат. Анан калса айрым адамдар У. Үсөйүнгө карата катаал чараларды колдонууга, анын ичинде уруп-сабоого дагы даяр. Бирок У. Үсөйүндүн атасын сыйлашкандыктан, айылдык жаштар У. Үсөйүнгө карата уруп-согуу чарасын колдонуудан карманып турушат.

Көрүнүп тургандай, кыргыз коомчулугунда батыштын баалуулуктарына, анын ичинде ЛГБТга карата терс көз караштар тереӊ уялаган. У. Үсөйүн өӊдүү батыш каадаларын колдогон ишмерлерге ошол себептен шектенүү менен карашат. Аларды элдик нарк-насилди бузуучулар катары жаман көрүшөт. Анын үстүнө адам укуктары менен эркиндиктери деген ураанды жамынып алышып, түптүү эреже-жөрөлгөлөрдү бурмалоого, эл-журттун тынчтыгын, бейпилдигин бузууга, коом ичинде чыр-чатак чыгарууга жасалган аракеттер калктын көпчүлүгүнө жакпайт. Айтор ар түрдүү бейөкмөт уюмдардын жеке кызыкчылыкты көздөгөн, элдин бейпилдигин бузууга багытталган иш-аракеттерин эл колдобойт.
Кыргыз эли илгертеден «Ырыс алды – ынтымак» деп, коомдо ынтымак-ырашкерлик, бейпилдик болуусун каалайт.
Кыскасын айтканда У.Үсөйүн айылдаштарын бир жаныстык үй бүлөө курууга үгүттөгөн аракети тескери эффект берип, «экинчи минтип келбей жүр» деген жооп укканы айылдан куулуп чыкканга тете десек деле жарашат.

Похожие новости

Представитель уйгурской диаспоры, который хочет стать политическим беженцем …

Админ

Стервятницы из КТР…

Админ

Зачем Джакупова пугает кредитами, которые еще не получены

Админ

Комментарии калтыруу