Саясат

Бир айлык мандатын казинодо “уттурган” Искак чайкоочу

“Шумдуктуунун төөсү жорго” – демекчи экс ажонун “балыкчысы” депутат Искак Масалиев бүгүн депутаттык мандатын тапшырганын жар салды. Ансыз деле мандаттын заты түгөнүп, аты эле калганда, мындай “эрдик” эч кимди таң калтырган деле жок.
Бирок, мандаты бүтөрүнө бир ай калганда, 5 жыл “суу ичкен кудугун түкүрүп” кеткен эргулдун жоругу көпчүлүктү иренжитти. Масалиев младшийдин “мен мындай парламентте отура албайм” – дегени, айрым айылдагы жеңелердин беш бала төрөп очор бачар болгондо, “мен сага жаңылыш тийип алыпмын” – деген кебиндей эле болду.
Беш жыл депутаттыктын майталкан жашоосунун кумарынан чыга албай жүрүп, эми ансыз деле кетчү мезгили келгенде “кетип жатканы” курулай популизм экени кашкая көрүнүп турат.
Кумар демекчи, Исхак мырза бир гана бийликке, эмес ошондой эле кумар оюндарына да кумары күч. Буга чейин казинолордо түнү менен отуруп “көзү кызарган” депутаттын жоруктары өзүнчө кеп.
Айрым маалыматтарга караганда бул жолу да “балыкчы” депутаттын “ит ооруусу” кармап “казиночу досу Айдаровго мандатын сатып жибериптир”- деген да кептер жүрүүдө.
Эмнеси болсо да раматылык чынчыл коммунист, калк кадырлаган инсан Абсамат Масалиевдин уулунун, атасынын жакшы сапаттарын боюна сиңирбей кайдагы бир “балыкчы” кумарчы, чайкоочу болуп калганы зээниңди кейитет.
Андан көрө Искак мырза атасынын атын булгабай колунан келген ишти кылып тынч эле жүргөнү алда канча жогору болмок.

Похожие новости

Текебаевдин жактоочулары Жогорку сотко кайрылышты

Админ

Убадасын аткарбаган, бир тракторду 10 трактор кылып көрсөткөн Бакыт Төрөбаев

Админ

Кытайлык алдамчы компания менен Кыргызстанды тоногусу келген Темир Сариев

Админ

Комментарии калтыруу