Саясат

Чет элдик агенттер Кыргызстандын элине каршы иштейт

Кыргызстанда COVID-19 коронавирус инфекциясынын таралышына байланыштуу түзүлгөн кырдаал кооптонууларды жаратат, анткени 11- майга карата абалды карай турган болсок, оору жугузган 1000ден ашык адам катталды. 12 каза болгон учур бар. Жаңы катталган учурлардын көбөйүшү мамлекеттик бюджет тараптан коронавирус инфекциялык оорусу менен күрөшүүгө кеткен ири чыгымдарды талап кылат.

Европалык биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Кыргызстанды колдоо үчүн 36 млн.евро бөлүп берүүгө ниеттенүүдө. Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, COVID-19 өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасына жана социалдык-экономикалык абалына тескери таасирин тийгизет. Алар ошондой эле бул кризистин шартында калктын аялуу катмарын колдоо зарылдыгын белгилешет. Грант түрүндө ЕБ бөлгөн акчалар макрофинансылык туруктуулукту, социалдык коргоону, азык-түлүк коопсуздугун, саламаттыкты сактоону, кризис-менеджментти колдоого, ошондой эле жеке секторго жардам көрсөтүүгө багытталган.

Ошого байланыштуу Кыргызстандагы айрым КЭУ өкүлдөрүнүн жалпы дүйнөдө болуп жаткан пандемиянын жана экономикалык кризистин фонунда өздөрүнүн ар кандай иш аракеттери менен зыян келтирүүгө аракеттенген позициясы түшүнүксүз. Муну менен алар элдерге азык-түлүк, зарыл дары-дармектерди жана коргоонуучу каражаттарды алууга тоскоолдук жаратып жатышат.    «Смарт Жаран» Ассоциациясынын жана «Жарандык катышуу»  КФ башчысы Эркингул Убышева, өзүнүн атынан Европалык бирликтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы — Эдуард Ауэрге кат жазат. Төмөндө каттын мазмуну келтирилген:

(Котормосу)

Урматтуу Эдуард Ауэр мырза,
2020-жылдын 4-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жарандык коомдун уюмдарынын каршы болгондугуна карабастан, КЭУ жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды (демилгечи – пардаменттин мүчөсү Бакытбек Раимкулов). Аталган мыйзам долбоору мааниси боюнча КЭУ өкүлдөрү үчүн басмырлоочу мүнөзгө ээ. Бул мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда дагы тез кабыл алынары күтүлүүдө.
Мыйзам долбоору демократиялык өлкөлөрдөгү КЭУ ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу бардык принциптерди бузат. Буга негиз катары сиз биздин АкиПресс сайтында жарыяланган Кыргызстандын бийлигине жолдонгон Ачык кайрылуубузду окусаңыз болот (ссылка).
Ассоциациялардын тынч жыйындарга жана эркиндикке болгон укуктары жөнүндө маселелер боюнча атайын баяндамачы, ошондой эле БУУнун укук коргоочуларга байланыштуу кырдаалдар боюнча атайын баяндамачысы дагы аталган мыйзам долбоорунун кабыл алынуусуна байланыштуу алардын тынчсыздануулары тууралуу Кыргыз Республикасынын башчысына биргелешкен кайрылуу жолдошкон, бул кайрылуу менен дагы таанышсаңыз болот (ссылка).
 2020-жылдын 26-мартында Кыргызстандын ЖМКларында Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүүгө байланыштуу Европалык Бирликтен каржылык колдоо сурагандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланган.
Эгер бул мүмкүн болсо, бул көрсөтүлө турган жардамды жогоруда белгиленген КЭУ жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алууга жол берилбестигине байланыштырсаңыз жакшы болмок. Анткени эл аралык коомчулук тарабынан  адам укуктары жана демократиялык стандарттар тебеленген тоталитардык өлкөлөргө жардам көрсөтүлбөшү керек.  

Урматтоом менен жана Жарандык коомчулукту колдоо борборунун атынан, Эркина Убышев.

 «Смарт Жаран» Ассоциациясынын аткаруучу директору
Скайп: erkina.ubysheva12
уюлдук номер, WhatsApp, Телеграмм: (+ 996) 558 891515

Ушундай мазмундагы кат ЭВФ башчысыТигран Погосянга да жиберилген, бирок кол койгондор КЭУ өкүлдөрү болгон.

Эки каттын мазмуну боюнча караганда тексттин автору Убышева айым экени түшүнүктүү, жана дал ушул айым Кыргызстандын элине каршы кылмыштуу интригалардын аркасында турат. Өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо менен бул каты аркылуу ал чет элдик өкүлдөрдөн өлкөгө каржы бөлбөөнү жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын мыйзам чыгаруу демилгелерине байланыштуу мамлекетке доомат айтууну талап кылуу менен элдин кызыкчылыгын соккуга коюуда.

Анын коомго каршы мындай бузуку оюндарындагы башка дагы тарапташтарын белгилеп айтсак болот: бул Динара Ошурахунова – «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы, Бакыт Сатыбеков — «Ачык Өкмөт» улуттук форумунун башчысы, Алмаз Тажибай —  «Перемена» инновациялык билим борборунун директору, Галина Арапова — ЖМК укуктарын коргоо борборунун директору, Усупбекова Айнура — «Жарандык платформа» фондунун директору. Бул элге каршы ишмердүүлүктүн артында укуктук колдоону  Чолпон Жакупованын «Адилет» укуктук клиникасы көрсөтөт.

Эске салсак, бейөкмөттүк секторлордун жогоруда аталган өкүлдөрү ЮСАИД, Сорос фонду, АКШнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн демократиялык комиссиясы жана башка чет элдик уюмдардан чоң көлөмдөгү гранттарды алышат. 
Кыргызстандын калкы пандемияга байланыштуу чектөөлөр болуп, кризистик абалда турган мезгилде  — жашоого каражаты жок жана тамак-ашы жетишпей турган учурда, бул адамдар кыргызстандыктарды грант алуудан жана бул татаал учурду баштан өткөрүп жиберүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну каалап жатышат. Бул адамдар коомчулуктун көйгөйлөрүн түшүнүшпөйт, анткени алар чет мамлекеттерден алган каражаттарга чартаңбай тээп, жакшы жашашат.   

Мисалы, Эркингул Убышева үч КЭУ жетекчиси болуп саналат: Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясын, «Жарандык катыш» коомдук фондун жана «Смарт Жаран» ассоциациясын. Бул уюмдардын бардыгы тең алынган гранттардан жакшы табышат,  салыктарды төлөө боюнча алганда. Ошентип, Жарандык коомду коргоо борборлорунун ассоциациясы 2013-жылдан 2020-жылга чейин 1 844 652,20 сом көлөмүндө салык төлөгөн, ал эми «Жарандык катыш» — 1 497 341,98 сом. Ушундан эле жыйынтык чыгарып, Убышеванын кирешеси жөнөкөй жарандарга салыштырмалуу ашыкча экендигин айтсак болот.
Жогоруда аталган КЭУ ЕБ жана ЭВФ кат жөнөткөн кылыгын чыккынчылык катары бааласа болот.  КЭУ өкүлдөрү элдин кызыкчылыгын эмес, өздөрүнүн керт башынын кызыкчылыгн коргошот. Аларды КЭУ жөнүндө мыйзам кабыл алынуусу менен коомчулук бул же тигил бейөкмөт уюмдардын кирешелерин жана каржы булактарын билип калуусунан коркушат. 2006-жылы дагы америкалыктар КЭУлар менен биргеликте КР Өкмөтүнө каршы активдүү иштешкени белгилүү. Алар көрүнүктүү бейөкмөттүк секторлордогу адамдар, оппозициялык саясатчылар менен жолугушуп, аларга зарыл болгон маалыматтарды алып турушкан жана тиешелүү көрсөтмөлөрдү берип турушкан. «Викиликс» өзүнүн порталында Кыргызстандагы АКШнын элчиси Мари Йовановичтин ЦРУга, АКШнын коргонуу министрлигинин тышкы чалган агенттигине, НАТО, Улуттук коопсуздук кеңешине, ОБСЕ, АКШнын Борбордук командачылыгына ж.б. жиберген жашыруун жөнөтүүсүн жарыялаган.

Элчи ошол учурда АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук Азия боюнча жардамчысынын орун басары Эван А. Фейгенбаумдун кыргыз оппозициясы жана КЭУ менен болгон жашыруун жолугушуусу тууралуу баяндаган, ал жолугушууда бейөкмөттүк секторлордогу өзүнүн коллегалары менен бирге Эркина Убышева да болгон.

Жардамчынын орун басары Эван А. Фейгенбаумдун сүрөтү

Мари Йованович «Эван Фейгенбаум айрым саясатчылар жана демократиялык КЭУ лидерлери менен өзүнчө тегерек столдорду өткөрдү. Катышуучулар 2006-жылдын 2-ноябрына пландалган оппозициянын каршылык акциясынын жыйынтыгында эмне болору тууралуу ар кандай пикирлерин айтышты», -деп жазат.
 Эвано Фейгенбаум менен болгон жолугушууда Эркина Убышева жарандык коом «кризис» сыяктуу учурдагы абалды карап көрөт деген пикирди айткан. Идеалында жарандык коом ортомчулук ролду ойношу керек, бирок Кыргызстандын жарандык коомчулугу эми «оппозиция» катары кабыл алынып жатат, анткени жарандык коомдун айрым лидерлери оппозицияга биригип кетишкен. 
Так ошол маалда америкалыктарга Кыргызстанда провакациялар зарыл болуп турган, анткени 2005-жылы майда КР Өкмөтү «Манас» аэропортундагы АКШ авиабазасынын ижара акысын 15 млн.дон 207 млн.долларга көтөрүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирген.

Ошондой эле 2006-жылдын 15-декабрында Кыргызстандын парламенти өлкөдө америкалык аскер базасынын болуу шарттарын жана америкалык аскер кызматкерлерин иммунитетинен ажыратууну   карап чыгууну талап кылган, анткени өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, АКШнын аскер кызматкерлери иммунитетке ээ эмес, бирок укук бузуу болгон учурда АКШнын юридикциясынын алдында каралат. Бул үчүн 6-декабрда аскер базасынын өткөрүү пунктунда АКШнын тышкы аскер кызматынын Аскер кызматкери Закария Хетфилд тарабынан Кыргызстандын жараны Ивановду өлтүрүү шылтоо болгон, бул АКШ аскер кызматкери бангизатынын тасири алдында айдоочуну эки ирет атып, өлтүрүп алган.

Белгилеп коюу зарыл, 1994-жылдан 1995-жылга чейин Эван Фейгенбаум АКШнын ВМФ Академиясында улуттук коопсуздук маселелери боюнча дарс окуган жана коопсуздук боюнча тажрыйбалуу аналитик болуп туруп, мамлекеттик кызмат сыяктуу эле трансулуттук корпорацияларда кызмат ээлеп отурган, ошондой эле Rand Corporation сыяктуу аналитикалык борборлордо чоң кызматтык орундардын тизмесине ээ болгон.   

 Rand корпорациясы көмүскө бейөкмөттүк уюмдар катарындагы аналитикалык борбор болуп саналат, ал эми айрым эксперттер Корпорация «ойлордун фабрикасы» сыяктуу ЦРУга түз баш ийет деп белгилешет (think tank). 
Эван Фейгенбаумдун 2006-жылдагы Кыргызстанга болгон сапары республикадагы АКШнын инвестициялык долбоорлору боюнча эле эмес, Кыргызстандын бийлигине басым жасоону ишке ашыруу максатында оппозиция жана КЭУ башчылары менен болгон жолугушуулар менен коштолгон.

 Э.Убышеванын Европалык Бирликтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрдинге жазган катынын аркасында  америкалык атайын кызмат турат деген жыйынтык чыгарса болот. Эдуард Ауэр андан Эркингүл Убышева өзүнүн катында суранган кадамга барабы деген суроо ачык бойдон турат.
Европалык комиссия Убышеванын провакациялык катына макул болуп жана ЕБ пандемия менен күрөшүү үчүн гранттык каражат бөлүп бербей коюу ыктымалдыгы жогору. Жардамдан баш тартуу калкка өз убагында медициналык жардам жана муктаждарга тамак-аш жагынан жардам көрсөтүүгө тескери таасирин тийгизе турган жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учуроо ыктымалдыгын жаратат.

КЭУ жогоруда аты аталган өкүлдөрү Кыргыз Республикасында КЭУ жөнүндө мыйзам кабыл алынган учурда, Кыргызстанды бардык чет элдик жардамдардан куру жалак калтыруу үчүн өздөрүнүн генералдык спонсорлорунун сунуштары менен андан ары эл аралык донордук уюмдарга кайрылуу ниеттери бар. Өздөрүнүн байланыштарын колдонуу менен, КЭУлар кредиттерди төлөө боюнча Кыргыз Республикасына талаптарды катуулатуу үчүн эл аралык банктардын (Бүткүл дүйнөлүк банк) чечимине таасир этүүнү пландашууда, ошондой эле чет өлкөлүк батыштагы мамлекеттердин башчылары келечектеги расмий иш сапарларда кызматташуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө кыргыз тараптын бардык сунуштарын четке кагууга өз грант берүүчүлөрү аркылуу таасир этүүнү каалашат. Мына ушундай албуут пландар биздин айрым КЭУ жетекчилеринин башында катылып жатат.

Похожие новости

Кытайлык алдамчы компания менен Кыргызстанды тоногусу келген Темир Сариев

Админ

Атамбаев согушка даярданып атабы?

Админ

Сапар Исаковдун тарапташтары социалдык түйүндөр, Ватсап аркылуу коомчулуктун башын айланткан кайрылууну таратууну пландоодо

Админ

Комментарии калтыруу