Саясат

“Чоң казаттын” артындагы “Кыргыл чалдын” “кулагы көрүндү” …

Айтылуу Манас эпосунда кырк чоронун бири “Кыргыл чал”- деген болгон. Ал дайыма бузукулук иштер менен алектенип чоролорду бири-бирине кайраштырып келген. Чубактын Алманбеттен чалгын жолун талашып чыр чыгарышына, Коңурбайдын Таласка чабуул жасашына, кырк чоронун Семетейдин колунан кырылышына да Кыргылчалдын бузукулук иштери негиз болгон.
Көрсө, ар бир доордун өзүнүн бузуку, интригадан башы чыкпаган “Кыргыл чалы” болот тура. Адатта мындай “Кыргыл чалдар” өздөрү ачыкка чыкпай “бирөөнүн колу менен чок карматканды” мыкты өздөштүргөн митаам адамдар болот.
Акыркы убакта “чоң казатчылар” ашкере акылдуу сынып, көсөмдүк жагынан айтылуу Ленинди “артка таштайбыз” – деп ээлигип турган учуру. Көрсө, саясатта “тиши чыга элек” мурдагы “үч тамгачы” Максат Мамыткановдун артында, көп нерсени “шыбырап” жаткан “карт бөрү” Мыктыбек Абдылдаев жашыруун турганы ачыкка чыкты.
озунан элди түшүрбөгөн бул эки эргул, эл катары жаңы конуштарда эмес, Бишкектин чок ортосундагы Дзержинский бульварындагы баасы асманды чапчыган кымбат баалуу элиталык үйлөрдү коңшулар.
Андыктан ыңгайлуу учур жаралганда эле Мамытканов Мыктыбек акесине “кулак төшөп”, Акаев убагында башкы прокурор болуп, милисанын генералы, азыркы ЖКнын аксакал депутаты саясаттын сырларынан мастер класс өткөрүп турат экен.
Максат Мамытканов болсо, “уккан кулакта жазык жок” – деген принцип менен укканынын баарын “чоң казатчыларга” идеология кылып жеткирип, интернетте хайп кармап жаткан кербездери.
Азыркынын “Кыргыл чалы” атка конбой эле, Мыктыбек Абдылдаев мыкты болсо, Жумалиев, Муралиевге окшогондорду башкы прокурор болуп турган мезгилинде эле “эки бутун бир конучка тыкпайт” беле?
Эми түштөн кийин, аркасынан бычак сайып, фракциялаштарын четинен чон казатчы жиндилерге жем кылууда. “Өздөн чыккан жат жаман” – демекчи, Абдылдаев ошентип, өзүн парламентке алып келген “Бирболчуларды” ичинен “иритип” жаткан кербези. “Кыргыл чалдын” берген багыты боюнча Чон казаттын кийинки “жертвасы” – бирболчу депутат Искак Приматов.

ФОТО: Карапайым калктын камын көргөн идеолог Абдылдаев менен чонказатчы Мамытканов борбор калаабыздын чок ортосундагы ушундай “элиткада” коңшулар. Бул үйдө квартиралар 200 кв метрден кем болбойт. Чоңказатчы оозунан шилекейин чачыратып, таламын талашып жаткан карапайымдардын мындай турак жайды сатып алууга дарамети жетпейт.

Похожие новости

Чолпон Жакупова жана анын “подружкелери” чыныгы дезинформатор менен демонизаторлор!

Админ

Чет элдик гранттар менен миллионер болгон бейөкмөтчү Чолпон Жакупова эмнеге коронавируска каршы күрөшкө бир тыйын да которгусу келбейт?

Админ

ФБда Ак-Мөөр Ян Жакупова менен Оторбаеванын чыныгы жүздөрүн сыйрып таштады!

Админ

Комментарии калтыруу