Пикирлер

Кудрет Тайчабаров, журналист: “Атамбаев жазуучулардын 50 млн. долларын солоп кетпегенде өнөр адамдары мынчалык кор болбойт эле”

Жакында төкмө акын, азыркы доордун Токтогулу саналган Элмирбек Иманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтып кыргыз элинин кабыргасын кайыштырды. Ал эми 29-апрелде болсо анын досу, азыркынын Алыкулу Зайырбек Ажыматов дүйнө салды. Бул инсандардын өлүмү коомдо түрдүүчө талкууланып жатат. Белгилүү журналист Кудрет Тайчабаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу атайын кайрылуу жолдоп, З.Ажыматов менен Э.Иманалиевдин өлүмүнө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди айыптаган.
“Буга биринчи кезекте Атамбаев күнөөлүү. Ал СССРден калган жазуучулар Союзунун тиешесин бизнес кылып көбөйтүп берем деп Акаев менен Айтматовду алдап алып, бүт мамлекеттин байлыктарын менчиктештирип, завод-фабрикаларын да, акын-жазуучуларын да сызга отургузган. Өндүрүш менен маданияттын өлүшүнө биринчи күнөөкөр ушул киши. Эгерде ошол 50 миллион долларды солоп кетпегенде акын-жазуучулар калем сабын кургатпай чыгарма жазганын токтотпой, эл ушак айың, пайшамба окубай, адабий чыгармаларды окуп, азыркы маңкурт муун пайда болбойт эле. Өзүңөр деле байкап көргүлө, 90-жылдардан бери мектептеги адабият китебине кирген шедевр чыгармалар жазылган жок. Жазылса да бааланган жок. Эгер СССРдегидей акын жазуучулар бааланса, алар мамлекеттен гонорар алып, алардын китептери бекер таратылып, мектептерге чейин жеткирилип турмак. А азыр бирөө китеп чыгарса, өзү сатып жүрөт. 1000 китеп сатса сүйүнөт. Ушул кантип болсун?!”, — дейт ал.
Чынында АША жазуучулардын ырыскасын уурдабаганда өнөр адамдары мынчалык азап тартмак эмес. Алар ошол акчага камкордукка алынып, коомду тарбиялаган мыкты чыгармалар жаралмак. Мамлекетибиз да оңолмок.

Похожие новости

Фейсбукта Равшан Жээнбековду: Гей командир, УКМКны коюп өзүңдү реформа кылып алчы!  

Админ

“Атамбаевди жатып алып күзөтөбүз”-деп жаткандар бука союлбай, тамак берилбей калган күнү кетип калышты

Админ

Фейсбукта Равшан Жээнбековго карата негативдер күчөп, «Гей Равшан Кыргызстандан кетсин!»-деген талаптар айтылууда

Админ

Комментарии калтыруу