Редакциянын тандоосу

50 миң доллар алган Чолпон Жакупова, Кыргызстандыктарга өзгөчө абал учурунда бийликке баш ийбөөнү үйрөтөбү?

Коронавирус боюнча кырдаал жана аны менен бирге күндөн күнгө кулачын жайып келе жаткан экономикалык кризис, дүйнө жүзү боюнча баардык өлкөлөрдү “белин бекем бууганга” мажбурлоодо. Жарандар үнөмдөөнүн катаал жолуна өтөп, көпчүлүк адамдар жан сактоонун кошумча жолдорун издеп жаткан кез.
Бирок, өкмөттүк эмес уюмдар менен анда иштеген тажаал аялдардын “мурдун балта кескен жок”. Булар дайыма “суудан кургак чыгып” көнүп калышкан. Жакында, Чолпон Жакупова башында турган “Адилет” юридикалык клиникасы “Сорос” фондунан 50 миң доллар грант бөлдүрүп алууга жетишкени ачыкка чыкты. Алар бул акчага массалык маалымат каражаттарын, коомчулукту мониторинг кылуу менен бирге өзгөчө абал учурунда жарандарын укугун коргойт имиш.
Демек, өкмөттүк эмес уюмдар, тагыраак айтканда Чолпон Жакупова өзүн ар кандай 24.kg ( Аталган сайттын кожейкеси Аслеь Оторбаева, Жакупова менен идеялар курбулар) сыяктуу ресурстарын колдонуп элдин башын тумандатып карантинде жаткан жарандарды да жайына койбой, тийиштүү мамлекеттик органдардын ишине тоскоолдуктарды жаратууну көздөөдө.
Элдин көпчүлүгү ооруп калуу коркунучунда турганда, “бир айылды бириктирбеген, эки айылды эриктирбеген” бул эки апчебиздин каалагандай “тайраңдашына” жол берүүгө болбойт. Жакуповага мыйзам чегинде эле, мындай күмөндүү ишмердүүлүгүн токтотууга тыюу салыш керек.
Үйүндө карантинде камалып отура албаган шумдук айым, айрым мамлекеттик аткаминерлерди коронавирус менен күрөшкө байкот жарыялоого да үндөөдө. Акылыңыз ордунда элеби Чолпон айым? “ Өзгөчө абал” –деген ушундай болот. Андыктан расмий түрдө жарандардын конституциялык укуктары чектелери тууралуу алдын-ала кабарланган. Мындай кадамга бийлик, бир гана Жакупованын жана ага окшогон аялдардын ден-соолугу үчүн эмес, жалпы кыргыз элинин саламаттыгы үчүн барды. А бул кокуй айымдар, кимдин укугун коргогону жатат?!

Похожие новости

Атамбаев Садыр Жапаровдон кечирим сурап, моралдык чыгым төлөө өтүнүчү менен кайрылды

Админ

Мирлан Бакиров, ЖК вице-спикери: “Атамбаев Матраимовго “Азаттык” аркылуу жооп бергендей ай калтырып жатат”

Админ

Фарид Ниязов: «Кыргыз каганаты болгон эмес!»

Админ

Комментарии калтыруу