Пикирлер

Дастан ЖУмабеков, ЖК төрагасы: “Атамбаев мага “кааласам 10 миӊ кишини чогултуп, силерди кууп чыгам”-дейт”

Мындай маалыматты Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастан Жумабеков, бүгүн 12-июндагы Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында айтты.

 “Мен Алмазбек Шаршенович менен жолуктум, бир катар саясатчылар дагы бар эле. Ал мага, “мен кааласам 10 миӊ кишини чогултуп, силерди кууп чыгам, ага күчүм жетет”-дейт. Мен жакамды кармадым, барыбыз мусулманбыз. Кудайдан улук сүйлөбөшүбүз керек. Ага, “сиздин бул оюӊузга кошула албайм, сиз мамлекетке каршы, элге каршы сөз айтып жатасыз. Сиз менен ушул жерден саясатым токтойт”-дедим”-дейт төрага.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев саясатчы Феликс Кулов менен жолугушуп, бийликти басып алуу планын айтып, “адамдардын канын төгүп болсо дагы, бийликти басып алышыбыз керек”-деп айтканы бар. Аны Кулов көп жолу массалык маалымат каражаттарындагы маегинде айткан.

Похожие новости

Дамир Мусакеевдин ата-энеси неге Атамбаевди каргап отурат?

Админ

Турсунбек Акун, мурунку Акыйкатчы: “Данияр Нарымбаев “Туке, эч нерсе айта көрбө. Атамбаев өзү Батукаев боюнча баарын көзөмөлдөп жатат, баары Атамбаевдин көзөмөлүндө…” деп жалдырап жиберген”

Админ

“Атамбаевди жатып алып күзөтөбүз”-деп жаткандар бука союлбай, тамак берилбей калган күнү кетип калышты

Админ

Комментарии калтыруу