Пикирлер

Жаманды мактасаӊ жардан алыс учат же ата тарбиясын көрбөгөн Али Токтакунов

«Жаманды мактасаң жардан алыс учат» деген кеп бар эмеспи? Анын сыңары «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакунов «Кыргызстандан чыгарылган миллиондор» деген журналисттик иликтөөсүнөн кийин өзүн Москваны куруп койгондой эле чоң эмгек жасап салгандай сезип алганы билинди. Албетте, анын мындай иликтөө жасоосуна эч ким каршы эмес. Кыргызстандан чындап эле миллиондор чыгарылып кетип атса, анда аларды тезинен таап, бөгөт коюп, тиешелүү чараларды көрүш керек. Бирок, конкреттүү түрдө бир адамды күнөөлөрдөн мурун анын күнөөсүн далилдей турган фактыны келтириш керек эмеспи. Эгерде факты жок болсо, анда жалпылаштырып соккондон өтө этият болуу керек эле. Мына ушул иликтөөдөн кийин жергиликтүү телеканалдардын бирине ЖК депутаты И. Матраимов, журналист А. Токтакунов, Э. Байсаловдор барышып ачык дебат өткөрүштү.

Ошол дебатта Али Токтакунов өзүнүн ата тарбиясын көрбөгөн, кыргыз элинин нарк-насилин, каада-салтын билбеген, ыйманы төмөн жигит экендигин көрсөттү. ЖК депутаты И. Матраимов ага «Мен сага агалык кеңешимди айтып коеюн, чоң саясатка кимдир-бирөөнү каралап эмес, жакшы эмгек кылып, элдин ишеничине кирип келсең жакшы болот», — деди эле, ага Али Токтакунов: «Сиздин кеңешиңизге биз муктаж эмеспиз» деп колун шилтеди. Демек, ал ашкере акылдуумун дегенди кыйыткандай болду. Кыргызда эзелтеден улуулар сүйлөп атканда, аны кичүүлөр аягына чейин тыңдачу. Кандайдыр бир чечим чыгарарда улуулардын акылын, кеңешин укчу. Эгер улуулар тарабынан айтылган кеңештерде жакпаганы болсо, аны унчукпай гана, эч кимге жарыя кылып, мактанбай эле четке кагып келген. Ал эми Али Токтакунов бул иликтөөсү үчүн кимдир-бирөөнүн колундагы куралга айланып алган сыяктуу. Жакынкы күндөрү элиталык батир же «Лексус-570» айдап калса таң калуунун деле кажети жок болот.

Похожие новости

Атамбаев поддержавший «голубых», выступавший против урана, теперь добрался и до борьбы против коррупции

Админ

Кудрет Тайчабаров, журналист: “Атамбаев жазуучулардын 50 млн. долларын солоп кетпегенде өнөр адамдары мынчалык кор болбойт эле”

Админ

Атамбаев элдин убалына калбай, «Батукаевди мына мен чыгаргамын, мени камагыла!»-десе жигиттик кылып, тарыхта калмак…

Админ

Комментарии калтыруу