Бизнес

Аалы Карашевдин бир тууган карындашы абитуриентти окууга өткөрөм деп 2500 доллар алып, убадасын аткарбай койгон…

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште Аалы Карашев аттуу күн тийген жердин күкүгү болгон депутат отурат. Туулуп-өскөн жери Өзгөн району. Анын атасынын айылда кадыр-баркы күчтүү экен. Анан ошол атасынын кадыр-баркын Аалы мырза жакшы эле пайдаланат дешет. Мисалы, ал Өзгөн шаардык кеңешинин депутаттыгына КСДП партиясынын талапкерлеринин тизмесин дайыма өзү гана түзүп келген экен.

Анан дагы ошол Өзгөн шаарынын экс-мэри С. Пратов менен да тыгыз мамиледе болуп келерин көп айтышат. Эске сала кетсек, С. Пратовго карата кылмыш иши козголуп, учурда соттун кароосунда жатат. Анан ошондой кылмышка шектүү экс-чиновник менен жакшы ымалада жүргөн Аалы мырзанын кандай кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген суроо жаралат. 


Карашевдун да артынан ээрчиген кыңыр иштер тууралуу кептер бар. Мисалы, ал 2012-жылы Кадр кызматын жетектеп турган маалында Бүткүл дүйнөлүк банктан кадрларды даярдоого деп бөлүнгөн 8 млн. доллардын изи сууп кетишине катыштыгы бардыгы айтылып келет. Тактап айтсак, ал акча каражаты ошол жылы финансы министрлигине которулган экен. Каражат которулганы менен кадрларды даярдоо боюнча долбоор ишке ашырылган эмес, алтургай башталган да эмес. Ошол акчанын кайда кеткенин балким Аалы Карашев айтып бериши мүмкүн.


Анан дагы Аалы мырзанын бир тууган карындашы Айназиктин үстүнөн Ленин райондук милициясына К. К. аттуу жаран арыз менен кайрылганын да маалымат булактарынан окуганбыз. Андагы маалыматка караганда Айназик айым бир адамды Медакадемияга окууга өткөрөм деп 2500 доллар алып, бирок убадасын аткара албай калган. Акчасын да кайтарып берген эмес. Ошондо ал депутат агасына таянып, бирөөнүн акчасын алдап алган болуп атабы?


Айрым маалыматтарга караганда А. Карашев учурда бир тууган балдызы менен ысык мамиле куруп жүрүптүр. Аалы мырзаны деле түшүнсө болот, ысык жан дегендей. Анын балдызын элдин баары тааныйт. Атамбаевдин учурунда чоң кызматтардарды аркалап аты да укмуш чыккан. Ошентсе да Аалы мырзанын бул кадамы маркум аялынын уруксаты менен болуп жатабы, же анын арбагын тебелеп жатабы?

Похожие новости

Кыргызстан менен Өзбекстан бирдиктүү виза киргизүү маселесин талкуулоодо

Админ

Азиз Батукаевди бошотууга катышы барлар бири-бирин сата башташты  

Админ

Алмазбек Атамбаев 30 жылдан бери айылдаштарына эт таратканын айтып мактанды

Админ

Комментарии калтыруу